Редакцияот 30.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XV  сессиясы

 

2015-жылдын 30-июну № 15/103

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Сары-Булак айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп «Кочкор кей джи» веб-сайытына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Сары-Булак айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.

 

Төрага

Б.К. Элтуйбасов