Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 15/106
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарга берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу келечек планы бектилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы келечек пландын аткаруу менен айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара акыдан каражаттардын түшүсү жана пайдаланышы тууралуу жыл сайын отчет берсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |
НАРЫН ОБЛУСУНУН КОЧКОР РАЙОНУНДАГЫ
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН
АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ
ФОНДУНУН
ЖЕРЛЕРИН ПАЙДАЛАНУУНУН
К Е Л Е Ч Е К П Л А Н Ы
Киришүү бөлүгү
Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Кочкор районунун күн чыгыш тарабынан орун алган. Бишкек шаарынан 310 км алыстыкта, Балыкчы темир жолунан 120 км алыстыкта жайгашкан жана түндүк тарабынан Каракужур суусу менен, чыгыш тарабынан Нарын району менен, түштүк тарабынан Нарын району менен, батыш тарабынан Ак-Кыя Ак-Кыя айыл аймактары менен чектешет.
Деңиз деңгээлинен бийиктиги – 2800 км. Айыл өкмөтү 1976-жылы түзүлгөн.
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – айыл өкмөт жана айылдык кеңеши жайгашкан административдик борбор болуп эсептелет. Сары-Булак айыл өкмөтү облустун борбору Нарын шаарынан 120 км, Кочкор районунан 60 км аралыкта турат.
Айыл өкмөтүнүн аймагында 2 калктуу пункт бар:
1. Ак-Кыя айылы
2. Сары-Булак айылдары.
Айыл өкмөтүнүн калкынын саны 2015 - жылдын 1-январына карата _______ адамды же ______ үй-бүлөнү түзөт. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2 мектеп, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 фельдшердик-акушердик пункт, 1 байланыш бөлүмү, 1 клуб, 1 коомдук мончо, 2 китепкана бар.
Айыл өкмөттүн экономикалык негизинен мал чарбачылыгы түзөт, жерлер негизинен малга тоют камдоо катары пайдаланылат.
Мал чарбачылыгында негизинен майда жана ири мүйүздүү мал, жылкы багуу басымдуулук кылат. Континенталдуу, кургак салкын жай жана суук кыш. Абанын бир айлык орточо температурасы июль айында өрөөндөрдө +15-25ºС, январь-февраль айларында -25-30ºС. Суук күндөрдүн узундугу 145 күндү түзөт. Кар катмары бийик тоо аймактарында жатат. Ички өрөөндөрдө кар аз жаайт, айрым жерлеринде кышы бою жер кара. Шамалдын багыты – батыш. Шамалдын ылдамдыгы 19 дан 28 м/с чейин жетет, 3,5 – 4,0 км белгилеринде – 55 м/с чейин барат. Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 700 мм ден 900 мм ге чейин өзгөрүп турат.
Айыл аймагынын аймагындагы тоо этектеринде боз топурактын уландысы, бозомтук-күрөң топурак. Өрөөндөрдүн түз жерлериндеги окшош топурактардын типтеринен катмарларынын жукалыгы менен айырмаланат. Жер кыртышынын үстүңкү айрым бөлүктөрү шагылдардан турат. Айрым аймактарында кыртыш суусунун жердин үстүңкү бөлүгүнө чукул жайгашкандыгы билинет.
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерлеринин жалпы курамы
Мурдагы чарбаларды кайра түзүүнүн натыйжасында учурда айыл өкмөтүнүн аймагында -173029 га жер бар, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлер – 220,00 га, калктуу конуштардын жерлери 35,11 га.
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин курамы
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин жалпы аянты 220,0 га, анын ичинен кайрак айдоо 16 га, чөп чабынды 193, 45 га жери пайдаланууда.
2. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу
2015 - жылга карата АКФ нын 209,45 га жери пайдаланууда, анын ичинен 16 га кайрак айдоо, 193,45 га чабынды жер жеке жактарга ижарага берилген.
2015 - жылга карата конкурс аркылуу берилген 1,0 га чабынды жердин ижара акысынын орточо өлчөмү жылына – 500,0 сом, социалдык төлөмдөр – 25,10 сом, жер салыгы – 15.0 сом, 1,0 га кайрак жердин ижара акысынын орточо өлчөмү жылына – 500,0 сом, социалдык төлөмдөр - 37,0 сом, жер салыгы – 20,0 сом.
I БӨЛҮМ. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жерлеринин жалпы курамы
Мурдагы чарбаларды кайра түзүүнүн натыйжасында учурда айыл өкмөтүнүн аймагында -173029 га жер бар, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлер – 220,00 га, калктуу конуштардын жерлери 35,11 га.
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин курамы
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин жалпы аянты 220,0 га, анын ичинен кайрак айдоо 16 га, чөп чабынды 193, 45 га жери пайдаланууда.
2. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу
2015 – жылга карата АКФ нын 209,45 га жери пайдаланууда, анын ичинен 16 га кайрак айдоо, 193,45 га чабынды жер жеке жактарга ижарага берилген.
2015 – жылга карата конкурс аркылуу берилген 1,0 га чабынды жердин ижара акысынын орточо өлчөмү жылына – 500,0 сом, социалдык төлөмдөр – 25,10 сом, жер салыгы – 15.0 сом, 1,0 га кайрак жердин ижара акысынын орточо өлчөмү жылына – 500,0 сом, социалдык төлөмдөр - 37,0 сом, жер салыгы – 20,0 сом.
3. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун пайдаланылбаган жерлери
2015 – жылдын 1-январына карата АКФ нын жерлеринин баардыгы болуп 13,95 га жер таштак, коргул болгондугуна байланыштуу пайдаланылбайт.
4. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдаланууга болгон талап
Сары-Булак айыл өкмөтүндө АКФ нын жерин алганга туруктуу суроо талап бар. АКФ нын чабынды жерлерин 0,20 гектардан 5,0 гектарга чейин ижарага алууну каалап _____ адамдан арыз түшкөн.
Сары-Булак айыл өкмөтүндө өзгөчө коргоого муктаж болгон _____ үй-бүлө бар, АКФ нын жеринен жеңилдетилген шартта болжол менен ар бир үй-бүлөгө 0,20 гектардан берилиши зарыл.
Жер алууну каалаган социалдык багыттагы башка субьектилер катталган эмес.
II БӨЛҮМ. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу боюнча
Ижара келишимдеринин мөөнөттөрүнүн аягы:
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү
- 1 айыл өкмөтүнүн башчысы;
- 3 айыл кеңешинин депутаты: төрага, жер адис, жооптуу катчы;
- 1 аксакалдар соту;
- 1 коомдун өкүлү;
- 1 айыл башчысы;
Райондун агрардык өнүктүрүү департаментинин өкүлү (байкоочу катары).
- Лотторду түзөт;
- Ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн белгилейт;
- Конкурстун шарттарын аныктайт;
- Кепилдик төлөмдүн өлчөмүн белгилейт;
- Лоттордун чек араларын аныктайт;
- Ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт;
- Ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;
- Ар бир лот боюнча аукциондун «арымынын» өлчөмүн белгилейт;
- Ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;
- Тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;
- Ушул Келечек планда белгиленген башка кызматтарды жүзөгө ашырат.
- Жер комиссиясынын мүчөлөрү;
- Аукциончу;
- Аукционго, конкурска катышууга арыз;
- Инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү жана зарыл учурда өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;
- Кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү;
- АКФ нын жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага алган учурда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жер салыгын төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме.
Конкурска катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары конкурстун шарттары боюнча өз сунуштарын кол коюп конвертке салып беришет. Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.Тооруктарга катышуу жөнүндө арыз талапкер (арыз берүүчү) тарабынан же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берилет.
Катчы кабыл алынган документтерди жер комиссиясынын кароосуна жиберет.
Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы арыз ээлерине (талапкерлерге) тоорукка катышууга уруксат берүү боюнча чечим кабыл алат, ал тууралуу протокол түзүлүп (№1 тиркеме) анда баардык уруксат берилген арыз ээлеринин (талапкерлердин), ошондой эле III бөлүмдүн 12-пунктуна ылайык тоорукка катышууга уруксат берилбеген арыз ээлеринин тизмеси көрсөтүлөт.
- арыз тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенде берилгенде;
- тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча зарыл болгон документтердин бардыгы берилбесе же болбосо берилген документтер талаптарга жооп бербесе;
Кабыл алынбаган арыз менен документтер арыз ээсине (талапкерге) кабыл алуудан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.
- жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартканда;
- жеңүүчү АКФ нын жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда;
- тоорукка катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берген күндөн тартып;
- тоорук бүткөн күндөн тартып;
- тоорук өткөн жок деп таанылган күндөн тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылууга тийиш.
1.1. АКФ нын жер участокторун ижарага аукцион аркылуу берүү
- лоттун номери;
- жер участогунун жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участоктун аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен;
- ижара акысы;
- баштапкы ижара акысынын өлчөмү (мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн 20% тен кем эмес жогору болушу керек);
- аукцион «арымы»;
- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү;
- сервитуттардын болушу же жоктугу;
- контурларынын баяндамасы менен бирге лоттордун тизмеси;
- аукционду өткөрүү шарттары, күнү, орду;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмү;
- кепилдик төлөмдү төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;
- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү индексациялоо жөнүндө шарттар;
- ар бир лот боюнча аукциондун«арымы»;
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- аукциондун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги;
- ар бир лот боюнча жылдык жер салыгынын өлчөмү көрсөтүлөт.
Муну менен бирге Айыл өкмөт маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
Ар бир кийинки баа учурдагы бааны «аукциондун арымына» жогорулатуу менен аныкталат. Кезектеги бааны жарыялагандан кийин аукциончу анын көз карашы боюнча билетти биринчи көтөргөн аукциондун катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин аукциончу аукциондун «арымына» ылайык кийинки бааны жарыялайт.
Протоколдо төмөнкү маалыматтар болот: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, жер участогун ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү, ж.б. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
а) аукционго бир катышуучу катышса;
б) Келечек пландын 29-пунктунда каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;
в) баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да
катышуучусу билетин көтөрбөсө.
1.2. АКФ нын жер участокторун ижарага конкурс аркылуу берүү
- лоттун номери;
- жер участогунун жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участоктун аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен;
- конкурстун шарттары, анын ичинде ижара акысынын өлчөмү;
- ижара мөөнөтү;
- сервитуттун болушу же жоктугу;
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- конкурстун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.
Муну менен бирге айыл өкмөт маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысын аныктабоо (ижара акысы туруктуу, ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат).
Мында ижара акынын баштапкы өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн болбошу керек.
- бир катышуучу катышса;
- III бөлүмдүн 48-пунктуна ылайык экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.
Экинчи конкурсту өткөрүүдө Жер комиссиясы конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.
Жер комиссиясынын чечимине ылайык конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.
Добуштар тең болгон учурда Жер комиссиясынын төрагасына добушу чечүүчү болуп эсептелет.
- Жер комиссиясынын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн тизмеси;
- конкурстун катышуучулары жөнүндө маалыматтар жана алардын сунуштары;
- конкурстун жеңүүчүсү.
Протоколго Жер комиссиясынын отурумга катышкан баардык мүчөлөрү конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат. Протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.
III бөлүмдүн 47-пунктунун биринчи абзацында белгиленген мөөнөттө жеңүүчүнүн
күнөөсү боюнча ижара келишими түзүлбөсө ал Жер комиссия тарабынан жер
участогун ижаралоо келишиминен баш тартуу катары каралышы мүмкүн.
1.3. АКФ нын жер участокторун ижарага түз берүү
- ошол айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар;
- АКФ нын бош калган жерлерин ошондой эле ушул III бөлүмдүн 40-пунктунда каралган жерлерди ижарага алууну каалаган жактар;
- мамлекеттик асыл тукум чарбалар, үрөнчүлүк чарбалары, тажрыйбалык-уруктандыруу жана эксперименттик чарбалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдө;
- социалдык багыттагы субьекттер.
Эгер жергиликтүү кеңештер тарабынан башкасы каралбаса, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин социалдык багыттагы субьекттерге берүү түз сүйлөшүүлөр жолу менен жүргүзүлөт.
1.3.1. АКФ нын жерлерин социалдык багыттагы субьекттерге ижарага берүү
1.3.2. АКФ нын бош калган жерлерин, ошондой эле экинчи жолу конкурс болгон жок деп таанылганда жерлерди ижарага берүү
1.3.3. АКФ нын жерлерин мамлекеттик асыл тукум чарбаларга, үрөөнчүлүк чарбаларына, тажрыйбалык-уруктандыруу жана эксперименттик чарбаларга ижарага берүү
1.3.4. АКФ нын жерлерин ушул айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга ижарага берүү
жана жарандар айыл өкмөткө жакыр үй-бүлөнүн статусун тастыктоочу документинин
көчүрмөсүн тиркөө менен арыз берет.
2.1. АКФ нын жерлерин ижаралоо келишимдерин түзүү жана аны мамлекеттик каттоо
- жер участкасын ижара келишиминин шарттарын олуттуу бузуу менен пайдалануу;
- жер участогун анын максаттык багытын бузуу менен пайдалануу;
- кыртыштын асылдуулугун олуттуу начарлатуу;
- келишимде белгиленген мөөнөттө ижара акысын төлөбөө;
- келишимде белгиленген милдеттенмелерге ылайык инвестициялоо боюнча
милдеттенмелерди аткарбоо;
2.2. Акча каражаттарын бөлүштүрүү
АКФ нын жерлерин пайдаланганы үчүн ижара төлөмүнүн суммасы АКФ нын жерлерин жакшыртуу боюнча иш чараларды аткаруу үчүн жумшала турган каражаттардын өлчөмү жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталат.
№ 1-тиркеме
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы
__________________________________________
(ижарачынын фамилиясы, аты-жөнү)
__________________________________________
(паспорт боюнча маалыматтар: серия, номер,
__________________________________________
качан, ким тарабынан берилген/
__________________________________________
юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги)
__________________________________________
(жашаган жери)
А Р Ы З
АКФ нын № ______ лот боюнча жер участкасына ижара укугун сатуу боюнча тоорукка (аукцион/конкурс) катышууга уруксат берүүңүздү суранам.
Тиркелүүчү документтердин тизмеси:
1) ____________________________________________________________________
2) ____________________________________________________________________
3) ____________________________________________________________________
4) ____________________________________________________________________
Арыз ээсинин колу _______________________________________________________
_______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты-жөнү)
20 _____ - жылдын «_____» ________________
Арыз берген күнү жана каттоо номери 20 _____- жылдын «____» _______________
_______________________________________________________________________
(арызды кабыл алган адамдын кызмат орду)