Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин кезексиз (V шайланган) VI сессиясы
2013-жылдын 21-октябры № 1
Ак-Таш айылынын Стадион, Жылкелди айылынын Дооранов көчөлөрүнө таза суу чыгарууга, Барак (анклав) айылына айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн труба алууга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Депутаттар депутаттар Касымбаев Артык, Кадыров Мирбек, Мамасыдыков Алтынбек жана жер адиси М.Турсунбаевдин сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, Ак-Таш айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ак-Таш айылынын Стадион жана Жылкелди айылынын Дооранов (таш-так маала) көчөлөрүнө таза суу чыгарып берүү үчүн шланга алып берүүгө жергиликтүү бюджеттин инвестицияга каралган акча каражатынан 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратып берилсин.
2. Барак (анклав) айылына айыл чарба жерлерин сугарууга 40 метр трубага жергиликтүү бюджеттин инвестицияга каралган акча каражатынан 84 300 (сексен төрт миң үч жүз) сом акча каражаты ажыратып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Кадыров |