Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-ноябры № 1
Айыл аймагында спирттик ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү жөнүндө
Депутаттар аксакалдардан, ата-энелерден жана атуулдардан келип тушкон арыз-даттануулардын негизинде депутат К.Мамараимовдун спирттик ичимдиктерди сатууга чектоо киргизуу жонундогу сунушун угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Таш айылдык аймагында 2014-жылдын 1-декабрынан баштап кечки саат 21-00дон баштап эрте мененки саат 09-00го чейин спирттик ичимдиктерин сатууга тыюуу салынсын.
2. Айыл башчылары, коомдук уюмдар, дин кызматкерлери, айыл активисттери айыл окмотунун адистери жана участкалык инспекторлордон турган атайын комиссия тузулсун жана эл арасында тушундуруу иштерин жургузуу иштери тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун талаптарын бузган дукон ээлерине, жана башка жеке ишкерлерге карата административдик чаралар колдонулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы атайын тузулгон комис- сияга жуктолсун.
5. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чындоо, кенештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага |
К. Орунбаев |