Редакцияот 14.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Таш айыл аймактык кеңешинин кезектеги IX-сессиясы (бешинчи шайланган)

 

2014-жылдын 14-июну № 1

Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жыл үчүн бюджетине толуктоо киргизүү жана туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Депутаттар Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жыл үчүн бюджеттине толуктоо киргизүү максатында айылдык кеңештин сессиясы,

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-майындагы 7-сессиясында бекитилген 2014-жыл үчүн бюджетти өзгөртүүсүз калтырылсын.

2. Ак-Таш айылдык кеңешинин 2013-жылдын 12-июлунун 2-сессиясында бекитилген Менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин;

-Эргешов Иминжан- комиссиянын төрөгасы

-Нуржанов Жеңиш-комиссиянынмүчөсү

-Атакулов Абдыганы-комиссиянын мүчөсү

-Кадыров Таалай-комиссиянын мүчөсү

-Дооранов Абдулла-комиссиянын мүчөсү

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагын  өзүмө  калтырамын.

 

Төрага

 

К. Орунбаев