Редакцияот 23.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI-чакырылышынын) кезексиз  XII-сессиясы

 

 

2013-жылдын 23-апрели №1                                                              

 

           Күн тартибиндеги маселе:

 

4118 шайлоо участкасынан шайланган депутат Абдыкадыров Русландын депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутат Абдыкадыров Русландын өз арызынын негизинде депутаттык мандаты токтотулсун.

2. 4118-шайлоо участкасынан, шайлоочулардын көпчүлүк  добушун алган кийинки талапкерди каттоо жагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Бөдөшбеков

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы

Т.Исраилова