ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышынын) кезексиз XII сессиясы
2013-жылдын 23-апрели № 5
Күн тартибинде каралуучу маселе:
1. Административдик комиссиянын иштеп чыккан административдик мыйзамдын чегинде айып салуу жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштандыларды туура эмес жерге төксө калк ичкен сууга ар кандай таштандыларды салса.авто унаасын жууса.айыл ичиндеги жолдрго таштанды төксө.айыл ичиндеги авто унаа жүрө турган жолдорго.үйүнүн тушуна таштарды тизип, авто унаа өткөнгө тоскоолдук жаратса, айдоо аянттарды авто унаа менен тепсетсе,бир айлык акынын ылдыйкы өлчөмүнүн беш эседен он эсеге чейин айып пул салынсын.
2. Жайыттарды туура эмес пайдаланып,айдоо аянттарды малга тепсетсе шарттуу мал башына бир айлык акынын ылдыйкы өлчөмүнүн беш эседен он эсеге чейин айып пул салынсын.
3. Салынган айып пул А/Өтүн эсебине төгүлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдүк кылуу административдик комиссияга, Чаек А/Өнүн башчысына тапшырылсын.
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Бөдөшбеков |
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы | Т.Исраилова |