Редакцияот 23.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышынын) кезексиз  XII сессиясы

 

 

2013-жылдын 23-апрели № 6                                                             

1. Чаек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фонддун жерлерин, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл өкмөтүнө краштуу кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондусунун жерлерин, Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы экология жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын 25.09.2012-жылдагы түзүлгөн Актыда көрсөтүлгөнүнө ылайык

191 га суу баскан аянты

27 га айрак,

63 га чабынды жерлерин тактап мыйзамсыз пайдаланып жүргөн жерлерди Чаек айыл өкмөтүнүн кароосуна кайтарып алып, ижарага берип, ижара акысы Чаек айыл өкмөтүнүн эсебине түшүрүлсүн, токтомду аткаруу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ибраимовго, Чаек айыл өкмөтүнүн сектор башчысы А.Акматовдорго милдеттендирилип, иштин аткарылышы тууралуу кийинки сессияда маалымат беришсин.

2. Кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондусунун иш чаралары боюнча Чаек А/Ө башчысы К.Ибраимов Чаек А/Ө сектор башчысы А.Акматовдор тиешелүү иш алып барбагандыктан иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.

3. Бул токтомду көзөмөмлдөө жагы кайра бөлүштүрүү  мамлекеттик фондусу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын..

 

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Бөдөшбеков

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы

Т.Исраилова