Редакцияот 23.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышынын) кезексиз  XII сессиясы

 

 

2013-жылдын 23-апрели № 10                                                           

Күн тартибиндеги маселе:

 

Чаек айылындагы Д/Ч мүчөлөрүнүн арызын кароо жөнүндө. Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумгал районунун сырткары жактан көчүп келген бал челек  кармагандар, Чаек айыл өкмөтүнүн аймагына киргизилбесин.

2. Чаек айыл өкмөтүнүн аймагында жашап, бал челек кармагандарга, челек  башына бир литр балдын дүн соодасында жайыт акы төлөшсүн.

3. Бул төлөнгөн акча каражаты чаек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бет эсебине түшүрүлсүн, түшүрүлгөн акча каражаты жол ондоого сарпталсын.

 

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Бөдөшбеков

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы

Т.Исраилова