Редакцияот 03.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышынын) кезексиз  XIII сессиясы

 

 

2013-жылдын 3-июлу № 2                                                                   

               Күн тартибиндеги маселе:

 

   4118 шайлоо участкасынан шайланган депутат Абдраимов Жеңишбектин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Депутат Абдраимов Жеңишбекти өз арызынын негизинде депутаттык мандаты токтотулсун.

2. 4118-шайлоо участкасынан, шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган кийинки талапкер Кадырбаев Тилек Шаршенбековичин өзүнүн арызынын негизинде, талапкерликке баруудан баш тарткандыгына байланыштуу, 4118-шайлоо  участкасынан, шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган кийинки талапкерди каттоо жагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Бөдөшбеков

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы

Т.Исраилова