ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясы
2013-жылдын 3-июлу № 6
Күн тартибинде каралуучу маселе:
1. Чаек айылынын Тынчтык көчөсүнүн атын Улуу Ата – мекендик согуштун ардагери Калманбет Алымкуловго ыйгаруу жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Катар саны алмаштырылбастан Чаек айылындагы Тынчтык көчөсү Улуу Ата – Мекендик согуштун ардагери Калманбет Алымкулов атындагы көчө болуп аталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагын Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы Т.Исраиловага тапшырылсын.
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Бөдөшбеков |
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы | Т.Исраилова |