Редакцияот 03.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышынын) кезексиз  XIII сессиясы

 

 

2013-жылдын 3-июлу № 10                                         

           Күн тартибиндеги маселе:

 

     Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Б. Кадыровдун сунушун карап чыгып Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1. Чаек айыл өкмөтүнүн жер боюнча теишелүү кызматкери бош жер тилкесин карап чыгып, женил авто унаа токтогонго, жер жемиш, жашылча, сүт азыктарын сатканга жер участогун жер комиссиясына сунуштасын.

     2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагын жер боюнча комиссиянын төрагасы Т. Рысалиевге тапшырылсын.

 

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Бөдөшбеков

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы

Т.Исраилова