Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 4
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин Чукур, Аксеки аймагынын кайрылуусу жана Бештерек айылындагы көпүрөнүн курулушу боюнча, күн тартибиндеги бешинчи, алтынчы маселелер боюнча, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин 2012-жылдан калган калдык акча каражатынан 250.0 (эки жүз элүү миң) сом эксковатор алууга бөлүнгөн. Бирок эксковатор алынбагандыктан 250.0 (эки жүз элүү мин) сом акча каражаты төмөндөгү обьектилерге бөлүнсүн.
2. Чаек айылындагы Чукур, Аксеки аймагына эскилиги жетип керек жарактан чыккан латокторду ондотуу үчүн 50.0 (элүү миң) сом акча каражаты жана Бештерек айылындагы көпүрөнүн курулушуна 150.0 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатынын туура сарпталышына көзөмөлдүк кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Г. Карымшаковага милдеттендирилсин.
4. Бул буйрукту көзөмөлдөө жагы Чаек айылдык Кеңешинин финансы-экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Чаек айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Бөдөшбеков |
|
|