Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-сентябры № 4
Кызыл-Туу жана Кара-Булуң айылдарына ПРООН аркылуу 2015-жылы каржыланган долбоорлордун сметасын бекитүү тууралуу Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылы Кызыл-Туу жана Кара-Булуң айылдарына каржыланган төмөндөгү долбоорлордун сметасы бекитилсин.
№ | Кайсы долбоор | ПРООН аркылуу каржыланганы | Өздүк салым аркыл. Карж | Баары |
1 | Кызыл-Туу, Кара-Булуң айылдарынын ичүүчү таза суу системасын ремонттоого | 132920 | 733680 | 866600 |
2 | Кызыл-Туу айылынын ирригациялык скважиналарды реабилитациялоого | 602050 | 419800 | 1021850 |
3 | Кызыл-Туу айылынын электр чубалгыларына жана трансформаторлорду орнотууга | 836910 | 485250 | 1322160 |
4 | Кызыл-Туу айылына курут жазоо боюнча кичи-цех курууга | 396500 | 192300 | 588800 |
| Баары: | 1968380 | 1831030 | 3799410 |
2. Бул долбоорлордун бекитилген сметасын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөттүн бухгалтерии Ф.Токушевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы башчы Р.Таштановго тапшырылсын.
Төрага
| М. Карагулов |