Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-майы 38/1
Кадамжай шаардык кеңешинин 2014-жылдагы № 30/2 номердеги токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылы кабыл алынган №170 токтомунун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын алдында Зордук зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору ачылсын.
2. Кадамжай шаардык кеңешинин 2014-жылда кабыл алынган № 30/2 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип Кадамжай шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн үй-бүлө жана балдардын укугун коргоо борбору: “Зордук зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору”–деп аталсын.
3. Кадамжай шаарынын бюджетинде Зордук-зомбулукка жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборун камсыздоо максатында тиешелүү каражаттар каралып, имарат ажыратып беруу жагы шаардык мэрияга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага
| Т. Бегалиев |