Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-июлу № 40/1
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк Фондунун эсебинде турган кээ бир обьектилерди Кадамжай шаардык мэриянын эсебине өткөрүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши жер, транспорт жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мулк Фондунун эсебинде турган төмөнкү обьектилерди Кадамжай шаардык мэриясынын балансына өткөрүүгө уруксат берилсин:
- Кайзерабад (восточная) капчыгайында жайгашкан медициналык санитардык бөлүм (медицинская санитарная часть).
- Жийделик айылында жайгашкан профилактория.
2. Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан муниципиалдык менчикке өткөрүлбөгөн Кыргыз Республикасынын мүлк Фондунун эсебинде турган кээ бир обьектер мыйзам негизинде муниципиалдык менчикке өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кеңешинин жер, транспорт жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
ТөрТөрага
| Т. Бегалиев |