Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-июлу № 40/4
Кадамжай шаарынын аймагындагы бала бакчалардагы балдардын тамак-ашына ата-энелердин төлөмү жөнүндө
Кадамжай шаарынын аймагындагы бала бакчалардагы балдардын тамак-ашына ата-энелердин төлөмүн иреттештирүү максатында шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алуу менен Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биринчи ирээтте бала бакчаларга Кадамжай шаарында туруктуу жашаган тургундардын балдары кабыл алынсын.
2. Шаарда убактылуу каттоодо коюулган же каттоодо жок жарандар бала бакчалардагы балдарынын тамак-ашы үчүн төлөмдү толук (100%) төлөө же өзү учетто турган айыл округунун бюджетинен которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ата-энелердин төлөмү банк аркылуу жүргүзүлсүн.
4. Балдар бакчаларына кабыл алуу мыйзамдын негизинде мэриянын алдында түзүлгөн комиссиянын көзөмөлүндө балдар бакчаларынын башчыларына тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
ТөрТөрага
| Т. Бегалиев |