Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-октябры № 24/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин № 120-0 30.10.2015-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жангак шаарынын мэри Ж. Юсуповдун шаардык кеңешке берген кайрылуу каттын 1-пунктун карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаарындагы Асанов Артык ажы кочосундогу темир жолдон эски № 2 магазинге чейин толугу менен асфальт төшөө боюнча долбоорунун Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин түрткү берүүчү грант эсебинен каржылоо үчүн 2992160 (Эки миллион тогуз жүз токсон эки миң бир жүз алтымыш) сом каралган, Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI-чакырылыштагы) кезексиз ХХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине түрткү грантка жергиликтүү бюджетти 2016-жылга бекитүү мезгилинде жергиликтүү бюджеттен жана спонсорлук жардамдын негизинде долбоордун 15% өлчөмү 448824 (Төрт жүз кырк сегиз миң сегиз жүз жыйырма төрт) сом каралсын.
2. Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри Ж. Юсуповго жана шаардык финансы бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Эргашовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөл кылуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ( З.Арзыкуловага) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
ТөрТөрага
| К. Курбанов |