Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-октябры № 24/3
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин № 120-0 30.10.2015-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жангак шаарынын мэри Ж.Юсуповдун шаардык кеңешке берген кайрылуу каттын 3-пунктун карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаарындагы № 7 «Солнышко» бала бакчасын капиталдык ремонтоо боюнча долбоорунун Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин түрткү берүүчү грант эсебинен каржылоо үчүн 1989527 (Бир миллион тогуз жүз сексен тогуз миң беш жүз жыйырма жети) сом каралган, Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI-чакырылыштагы) кезексиз ХХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине түрткү грантка жергиликтүү бюджетти 2016-жылга бекитүү мезгилинде жергиликтүү бюджеттен жана спонсорлук жардамдын негизинде долбоордун 15% өлчөмү 298429 ( Эки жүз токсон сегиз миң төрт жүз жыйырма тогуз) сом каралсын.
2. Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардык финансы бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Эргашовго жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси С.Сейдакматовага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ( З.Арзыкуловага) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
ТөрТөрага
| К. Курбанов |