Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш
кезектеги XXVIII сессия
2015-жылдын 28-октябры № 2
Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу Атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Ардактуу Атуул” наамын ыйгаруу боюнча жобосунун негизинде жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Э.Сатарованын баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу Атуулу” наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
· Омурзаков Сатыбалды Ашимович - Экономика жана ишкердик университетинин Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору э.и.д.,профессор;
· Кыдыралиев Сабиржан - Жалал-Абад мамлекеттик университетинин физика кафедрасынын кафедра башчысы;
· Атажанова Нусулуу Адыловна - Жалал-Абад шаардык кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты;
· Абдивахитов Адыл Телавалдиевич - “Барпы” атындагы драмтеатрдын актеру;
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Исмаилов) жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
ТөрТөрага
| Э. Ормоков |