Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-марты № 4/4
Ача-Кайынды айылдык Кеңешинин 2011-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылдагы бюджети жөнүндө
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ΙV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутатынын Ача-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2013-жылга жергиликтүү бюджетти пландоо бюджеттик комиссиянын киргизген суроолорунан жана макулдашууларынан кийин кирешелер боюнча 18358,6 миң сомго жана чыгымдоо боюнча 18358,6 миң сомго бекитилсин.
2. 2013-жылдын айыл аймактык башкаруу аппаратына 2709,6 миң сом, эл агартууга 13064,6 миң сом, бала бакча тармагына 2026,0 миң сом, айылдык китепкана тармагы боюнча 104,5 миң сом, айылдык клуб тармагы боюнча 301,4 миң сом, бала бакчага атайын эсептен 152,5 миң сом, баардыгы 18358,6 миң сом бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы №726 токтому менен бекитилген айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин 12,0 штаттык саны –эмгек акысы 1729,4 миң сом бекитилсин.
4. 2013-жылга ылайык Кеңештин бюджетинде турган мекемелердин эмгек акы фондусуна 16967,3 миң сом бекитилсин.
5. Жайыт комитети аркылуу түшүүчү 2011-2012-2013-жылдар үчүн жайыт налогу баардыгы 34,3 (отуз төрт миң үч жуз) сом 2-квартал менен негизги эсепке тушурүү менен кошумча план бекитилип айылдын көчөлөрүнүн электр энергиясына жумшалсын.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери жөнүндөгү 25.09.2003-жылдагы №215 мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын бюджетинин укуктук негизги принциптери жөнүндө 20.07.2004-жылдагы №193 мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн счетундагы акча каражаттар бекитилген сметага ылайык казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын.
7. 2011-жылдагы Кеңештин жергиликтүү бюджетинин аткарылышы кирешелер боюнча 15955,6 миң сомго, чыгашалар 15890,2 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
ТөрТөрайым
| Г. Асанова |