Загрузка документа…
Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 10/7
Кош-Дөбө айыл аймагындагы Чие айылынын курулушу бүтпөй калган балдар бакчасын кайра элге кайтарып берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагындагы Чие айылынын курулушу бүтпөй калган балдар бакчасын кайра элге кайтарып берүү жөнүндөгү айылдык Кеңештин административдик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жоробаевдин берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Добо айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагындагы Чие айылындагы курулушу бүтпөй калган балдар бакчасын кайра элге кайтарып берүү боюнча керектүү иш-кагаздарын даярдап, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылып мыйзам чегинде чечүүгө көмөк көрсөтүү жагы айыл Өкмөттүн башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин административдик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Карабаев |