Загрузка документа…
Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 10/8
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Улук айылынан чыккан Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б.Калматовго, Курулуп жаткан ГЭС тер ишканасынын башкы директору А.А.Камчыбековго жана Сары-Кашка айылынан чыккан белгилүү хирург Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу ФОМС тин башкармалыгынын башчысы С.Ш.Тойматовго Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ АТУУЛУ» деген наамын ыйгаруу жөнүндө
Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Улук айылынан чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б.Калматовго, Курулуп жаткан ГЭС тер ишканасынын башкы директору А.А.Камчыбековго, Сары-Кашка айылынан чыккан белгилүү хирург Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу ФОМС тин башкармалыгынын башчысы С.Ш.Тойматовго Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ АТУУЛУ» деген наамын ыйгаруу жөнүндөгү Улук жана Сары-Кашка айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун токтомунун, Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кабыл алган токтомунун негизинде жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Улук айылынан чыккан Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б.Калматовго, Курулуп жаткан ГЭС тер ишканасынын башкы директору А.А.Камчыбековго жана Сары-Кашка айылынан чыккан белгилүү хирург Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу ФОМС тин башкармалыгынын башчысы С.Ш.Тойматовго Кош-Дөбө айыл аймагынын «АРДАКТУУ АТУУЛУ» деген наамы ыйгарылсын.
2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К. Карабаев |