Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2015-жылдын 3-сентябры № 11/2
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, жаштар, спорт маселелери жөнүндө
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, жаштар, спорт маселелери боюнча айыл Өкмөт башчысынынын орун басары А.Тыныбековдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, жаштар, спорт маселелери боюнча айыл Өкмөт башчысынынын орун басары А.Тыныбековдун берген маалыматы эске алынсын.
2.Чие айылына өзүнчө таза суу түтүгүн тартуу жана таза суу колонкаларын сентябрь айынын аягына чейин акыркы эскертүү менен ишке киргизүү жагы айыл Өкмөт башчысынынын орун басары А.Тыныбековго жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынына жана айыл Өкмөт башчысы М.Жапаровго жүктөлсүн.
Төрага | К. Карабаев |