Редакцияот 03.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин  VI   чакырылышынын  кезектеги XI  сессиясы

 

2015-жылдын 3-сентябры № 11/6

Айыл аймактын жашоочуларын электр энергия менен камсыздоо  жөнүндө

Айыл аймактын жашоочуларын электр энергия менен камсыздоо жөнүндөгү Аксы райондук электр тармактары ишканасынын Кош-Дөбө участкасынын башчысы А.Кожомуратовдун  берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XI  сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айыл аймактын жашоочуларын электр энергия менен камсыздоо жөнүндөгү Аксы райондук электр тармактары ишканасынын Кош-Дөбө участкасынын башчысы А.Кожомуратовдун  берген маалыматы эске алынсын.

2. Айыл аймактын калкын 2015-2016-жылы кышка карата электр энергия менен камсыздоо жана  айылдарда электр чубалгыларына жакын өскөн бак-дарактарды кыйып тазалоо иштерин өз убагында жүргүзүү жагы  Аксы райондук электр тармактары ишканасынын Кош-Дөбө участкасынын башчысы А. Кожомуратовго жүктөлсүн.

3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөт башчысы М. Жапаровго жүктөлсүн. 

 

Төрага

К. Карабаев