Редакцияот 03.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин  VI   чакырылышынын  кезектеги XI  сессиясы

 

2015-жылдын 3-сентябры № 11/7

Инвестиция тартуу, айыл Өкмөттүн стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө

Инвестиция тартуу, айыл Өкмөттүн стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндөгү айыл Өкмөттүн жетектөөчү адиси К.Дөөлөтбековдун берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XI  сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Инвестиция тартуу, айыл Өкмөттүн стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндөгү айыл Өкмөттүн жетектөөчү адиси К. Дөөлөтбековдун берген маалыматы эске алынсын.

2. Айыл аймакка инвестиция тартуу жана айыл Өкмөттүн стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча ишти мындан да жакшыртуу жагы айыл Өкмөт башчысы М. Жапаровго жүктөлсүн.

3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн. 

 

Төрага

К. Карабаев