Редакцияот 03.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.МАВЛЯНОВ АТЫНДАГЫ КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин  VI   чакырылышынын  кезектеги XI  сессиясы

 

2015-жылдын 3-сентябры № 11/8

Айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө

Айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндөгү айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Шамырзаеванын берген маалыматын Т.Мавлянов атындагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XI  сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндөгү айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Шамырзаеванын берген маалыматы эске алынсын.

2. Айыл Өкмөттүн 2015-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча бюджетте  көрсөтүлгөн тартипте иш алып баруу жана киреше бөлүгүнө кошумча булактарды таап көбөйтүү жагы айыл Өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Шамырзаевага жүктөлсүн.

3. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн. 

 

Төрага

К. Карабаев