Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-октябры № 14-7-1
2015-жылга карата Майлуу-Суу шаарынын аткарыла турган жумуштардын титулдук тизмесинин 8,43,64,93 пунктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 23-сентябрындагы №01-14/1337 “2015-жылга карата Майлуу-Суу шаарынын аткарыла турган жумуштардын титулдук тизмесинин 8,43,64,93 пунктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” каттарын угуп , талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 23-сентябрындагы №01-14/1337 “2015-жылга карата Майлуу-Суу шаарынын аткарыла турган жумуштардын титулдук тизмесинин 8,43,64,93 пунктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” каттарын угуп , талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. 2015-жылга карата Майлуу-Суу шаарынын аткарыла турган жумуштардын титулдук тизмесинин:
- 8-пункт “Сары-Бээ жана Көк-Таш АБгы жолду оңдоо” дегендин ордуна “Шаардын жана Сары-Бээ, Көк-Таш АБгы жолду шагыл төшөө жолу менен оңдоо” жөнүндө өзгөртүү киргизилсин:
- 43-пункт “Южный Кара-Жыгач айылынын автоунаа өтүүчү жолду ремонтоого” дегенди ордуна “Түндүк жана Түштүк Кара-Жыгач айылына баруучу жолду оңдоо” жөнүндө өзгөртүү киргизилсин:
- 64-пункт “Намазбекова көчөсүндөгү №63 үйүнүн көпүрөсүн ремонтоо” дегендин ордуна “Намазбекова көчөсүндөгү №63 үйүнүн жанындагы көпүрөнү оңдоого материал сатып алууга” деген өзгөртүү киргизилсин:
- 93-пункт “Л. Толстой көчөсүндөгү көпүрөнү ремонтоо” дегендин ордуна “Л. Толстой көчөсүндө көпүрөнү оңдоо (эски карызды төлөө)” жөнүндө өзгөртүү киргизилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестициялары тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (А.Оморов) жана шаардын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу (З.Расуловка) жүктөлсүн.
Төрага | Р.К. Бакалаев |