Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № ХХIII-2
2015-жылдын биринчи жарым жылында Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджети Гулистан айыл кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-февралында № ХХ-3-токтому менен кабыл алынган. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджети 12 227 800 сомго бекитилген. 6 айда такталган план 5 920 миң 700 сомду түзгөн.
Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 5 920 800 сомго пландаштырылган болсо, такталган план 5 920 700 сомдү түзгөн, аткарылганы 6 838 300 сомду түзгөн. Гулистан айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү максатында бюжетте көрсөтүлбөгөн иштерди аткаруу зарылчылыгы пайда болду. Гулистан айыл аймагындагы Хужамов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасын калыбына келтирүү үчүн 50 миң сом, ушул эле мектептин жаңыдан курулуп жаткан спортзалынын электромонтаж иштерин жүргүзүүгө 30 миң сом, мектептин балдар бакчасынын ажааткаанасынын курулушун аяктоо үчүн 150 мин сом, Тытзар участкасындагы жаңы коңуштарга трансформатордук подстанцияларын орнотуу жана электр линияларын тартуу үчүн 100 миң сом, Хужамов атындагы орто меткебинин базасында курулуп жаткан балдар бакчасынын имаратын тийиштүу документтерин тактоо үчүн 20 мин сом, селдин кесепетин жоюу үчүн 50 миң сом, 3 айыл башчыга айлык акы үчүн 126 630 сом, архивдик документтерди тактоо жана тапшыруу, архив кабинетин ремонтто үчүн 32 миң сом акча каражаты болуп берүү зарылчылыгы пайда болду.
Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси 2015-жылдын 6 айында 5 920 800 сом сомго пландаштырылган болсо, такталган план 5 920 700 сом, аткарылганы 6 838 300 сомду түзгөндүгү белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү максатында 706-бөлүмдүн 31113320-статьясындагы асфальт үчүн каралган акча каражытынын эсебинен 150 миң сом Хужамов атындагы орто метектин ажааткаанасынын имараиын аяктоого, жана 108,2 миң сом Тытзар участкасындагы жаңы коңуштарга электр линиясын тартуу жана трансформатордук пдстанцияларды орнотууга, 702-бөлмдүн 22152100-стаьясында каралган акча каржатынын эсебинен 50 миң сом селдин кесепетин жоюуга, 706-бөлүмдүн 22211200-статьясында каралган акча кражатынын эсебинен 30 миң сом Хужамов атындагы орто мектеьинин спорзалын электромонтаж иштерине, 50 миң сом спорт аянтчасын калыбына келтирүүгө, 706-бөлүмдүн 2221-статьясында каралаган акча каражатынынн эсебинен саздак жерлердин суусун качыруу үчүн (дренаждар казуу) боюнча долбоор даярдоого 21 миң сом акча каражаты, 32 миң сом айыл аймагындагы тарнсформациялоого даярдалган жер участкасында археологик экспертиза өткөрүүгө, Хужамов атындагы орто мектептин базасында курулуп жаткан балдар бакчасынын документтерин тактоого 20 миң сом, 10 миң сом акча каражаты Чоң Кыштоо айылындагы мектептерге колдоо көрсөтүүгө көтөрүлсүн. Архивдик документтерди тактоого 32 миң сом, 126 630 сом айыл башчыларын 3 штаттык бирдигин кармоого жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен каржылансын.
3. Ушул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү көмөк көрсөтүү жагы Ноокат райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |