Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № ХХIII-3
Гулистан айыл аймагындагы Кочкор Ата учаткасында жаткан жаңы конуштардын архитектуралык башкы планын бекитүү жөнүндө
Гулисатн айыл кеңеши жана айыл өкмөтү жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө айыл аймагынын Кочкор Ата участкасындагы кайрак жерден 12,49 га жер аянтын турак жай куруу үчүн трансформациялоо боюнча сураныч менен кайрылган. Азыркы күндө жаңыдан уюштурулуп жаткан коңуштун архитектуралык башкы планы Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура бөлүмү тарабынан даярдалды.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкулап Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Гулистан айыл аймагындагы Кочкор Ата участкасындагы жаңы коңуштун архитектуралык башкы планы бекитилсин.
2. Жаңы коңуштун архитектуралык башкы планынын негизинде инфраструктуралык түзүмдөр боюнча долбоор даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, курулуш, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |