Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-ноябры № ХХIV-1
2015-жылдын 9 айында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө
2015- жылдын I-жарым жылдыгында айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодо дыйкан фермерлер, жеке ишкерлер чөйрөсүндө бир топ алгалыктуу иштер аткарылды.
2015- жылды Республикабызда «Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» жана облусубузда «Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы, ал эми районубузда «Өнөр жай өндүрүшүнкүчөтүү жылы» жылы деп жарыяланган.
2015- жылды айыл өкмөтүндө «Бекем үйбүлө жылы» жылы деп жарыяланган.
Жарыяланган жыл үчүн айыл өкмөтү атайын иш – чаралар иштеп чыгып, айылдык кеңеши тарабынан бекитилген.
Айыл өкмөтүнүн 2015- жылдын социалдык – экономикалык өнүгүү программасына 23 (жыйырма үч) долбоор киргизилип, азыркы күндө бардык долбоор аткарылды.
Айыл өкмөтүнүн аймагында 2015-жылдын 9 айында инвестиция жана элди мобилизациялоо менен аткарылган иштердин көлөмү 9 млн 775 миң сомду түзөт. Анын ичинен тышкы инвестиция 600 миң сом. Жамаатардын эсебинен 5 млн. 400 миң сом, жеке ишкерлер эсебинен 2 млн. 750 миң сом.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХХIII-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2015-жылдын 9 айында Гулистан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 9 айындагы бюджеттин кирешеси 6 млн 10 629 734 миң сом, чыгаша бөлүгү 9 602 400 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-кварталындагы негизги милдети болуп төмөндөгү иштер белгиленсин:
-айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү;
- Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 10 пайызга өсүүсүн камсыз кылышсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |