Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-ноябры № ХХIV-3
2015-жылдын тогуз айында Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджети Гулистан айыл кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-февралында № ХХ-3-токтому менен кабыл алынган. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджети 9 602 400 сомго бекитилген. 9 айда такталган план 9 682 400 сомду түзгөн.
Айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 9 602 400 сомго пландаштырылган болсо, такталган план 9 682 400 сомдү түзгөн, аткарылганы 10 629 734 сомду түзгөн. Гулистан айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү максатында бюжетте көрсөтүлбөгөн иштерди аткаруу зарылчылыгы пайда болду. Гулистан айыл аймагындагы Хужамов атындагы орто мектебинин имаратынын техникалык паспортун алууга 20 миң сом, айылдык борбордук стадиондо массалык оюн-зоокторду өткөрүү үчүн сахнага 50 миң сом, Фрунзе айылындагы Бахар көчүсүнө шагал төшөөгө 50 миң сом, айыл аймагын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын даярдоого 20 миң сом.
Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси 2015-жылдын 9 айында 9 602 400 сомго пландаштырылган болсо, такталган план 9 682 400 сом, аткарылганы 10 629 734 сомду түзгөндүгү белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү максатында 706-бөлүмдүн 31113320-статьясындагы асфальт үчүн каралган акча каражытынын эсебинен Фрунзе айылындагы Бахар көчөсүнө шагал төшөөгө 60 миң сом, ушул эле бөлүмдүн 2222-статьясынан 20 миң сом акча каражаты Р.Хужамов атындагы орто мектептин имаратынын техникалык паспортун алууга, ушул бөлүмдүн ушул эле статьясынан Гулистан айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын даярдоого 20 миң сом, ушушл эле бөлүмдүн ушул статьясынан Р.Хужамов атындагы орто мектепти асфальттого 176 400 сом, айылдык борбордук стадионуна сахна даярдоого 50 миң акча каражаты стадиондун ижара акы үчүн түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.
3. Ушул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү көмөк көрсөтүү жагы Ноокат райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |