Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-ноябры № ХХIV-4
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-февралындагы ”Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндөгү” № ХХ-1-токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелерине берилүүчү көмүргө 22241100-статьясында 940 миң сом акча каражаты каралган. Тендер өткөрүлгөндөн кийин 268 миң сом акча каражаты үнөмдөлдү. Азыркы күндө Чили Сай орто мектебин толугу менен бүткөрүп берген ОсОО “Ак Таш” мекемесинен 254 199 сом карызыбыз бар. Ошондуктан ОсОО “Ак Таш” мекемесине кредитордук карызды жабуу максатында үнөмдөлгөн акча каражатын аталган мекемеге өткөрүп берүү керек.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап Гулистан айыл кеңешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинде Гулистан айыл аймагындагы билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздоого 22241100-статьясында каралган акча каражатынан үнөмдөлгөн акча каржатынын эсебинен 254 199 сом ОсОО “Ак Таш" мекемесине кредитордук карызды жабуу үчүн өткөрүп берилсин.
2. Ушул токтомду аткарүү боюнча тийиштүү иштерди алып баруу Гулистан айыл өкмаөтүнүн ФЭБ башчысы М.Нарматовготапшырылсын.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюжет,экономика жана инвестиция бюонча иштөөчу туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |