Редакцияот 06.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги ХХIV сессиясы

 

2015-жылдын 6-ноябры № ХХIV-6

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун негизинде Фрунзе айылындагы Чили Сай орто мектебинин аймагында 50 орундуу балдар бакчасын курулушуна 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен  акча каражаты ажыратуу жөнүндө

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорунун  негизинде Фрунзе айылындагы Чили Сай орто мектебинин аймагында курулушу пландаштырылган 50 орундуу балдар бакчасынын курулушуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каржатын ажыратуу максатында  Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы

Т О К Т О М       К Ы Л А Т:

1. Фрунзе айылына караштуу  Чили Сай орто мектебининаймагында курулушу пландаштырылган сметалык баасы 4 миллион 300 миң сомдку түзгөн 50 орундуу балдар бакчасынын курулушуна өздүк салымды төлөө үчүн Гулистан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 800 миң сом акча каражаты ажыратып берилсин. Ажыратып берилген акча каржатын төл берүү мөөнөтү 2016-жылдын 1-кварталына белгиленсин.

2. Акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына тапшырылсын.

3. Ушул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

И. Ташматов