Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-сентябры № 1
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жаңы-Айыл деп берилген статусту жокко чыгаруу жөнүндө
Сузак районунун прокуратурасынын 2015-жылдын 24-августундагы № 11/1-551-15 сандуу каршылык билдирүү жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 02.07.2015-жылдагы № 02-3/641 сандуу катынын негизинде Кыз-Көл айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айылдык кеңеши 2014-жылдын 23-апрелиндеги 11-сессиясынын № 11-токтому жана 2015-жылдын 25-февралындагы 16-сессиясынын № 5- “Жаны-Айыл статусун берүү жөнүндөгү” кабыл алынган токтомдор жокко чыгарылсын.
2. Жокко чыгарылган токтомдор боюнча Сузак районунун прокуратурасына маалымат берилсин.
3. Токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А. Кушбаковго жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Калимбетов |