Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-сентябры № 2
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу начар жерлерди чектөөсүз ижарага берүү жөнүндө
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Орозалиевдин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндөгү маалыматтын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн аймагындагы асылдуулугу начар жерлерди (Кашка-Терек айылынын талаасындагы таштак жана Көк-Булак участкасындагы асылдуулугу төмөн) аянты чектөөсүз ижарага берилсин.
2. Ижарага берүү мөөнөтү 7 (жети) жылга жана жеңилдетилген баада берилсин.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер адиси А. Орозалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Калимбетов |