Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-сентябры № 5
Кашка-Терек айылынын жана Жаңы-Айыл участкасынын жашоочуларынын арызын кароо жөнүндө
Кыз-Көл айылдык кеңешине Кашка-Терек айылынын жана Жаңы-Айыл участкасынын тургундары тарабынан берилген арыздар менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Терек айылынын жана Жаңы-Айыл участкаласынын жашоочуларына таштанды төгүүгө жана курулуш иштерине топурак алуу үчүн (карьер ачууга) атайын жайлар уюштурулсун.
2. Таштанды төгүүгө жана курулуш үчүн топурак алууга (карьер ачууга) жерди аныктап көрсөтүп берүү үчүнкомиссия тобу түзүлсүн.
3. Комиссия тобунун төрагасы: М. Калматов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдеттин аткаруучу.
Комиссиянын мүчөлөрү:
А. Орозалиев айыл өкмөтүн жер адиси
К. Мамбетаипов айылдык кенештин депутаты
Т.Манекеев айылдык кенештин депутаты
Ж. Раев жайыт комитетинин төрагасы.
Төрага | Ж. Калимбетов |