Редакцияот 20.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-октябры №26-36/5

«Саякбай манасчы» жаңы конушундагы көчөлөрдү атоо жөнүндө

№6 МАБдин жетекчиси Р.Сагымбаевдин  катын жана “Саякбай манасчы” жаңы конушунун тургундарынын 25.08.2015-жылдагы кир.№01-9/138 арызын угуп  жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен,  Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын  XХХVI сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Саякбай манасчы” жаңы конушундагы көчөлөргө төмөнкү аттар берилсин:

- Сагымбай манасчы;

- Мамбет манасчы;

- Семетей;

2. Каракол шаардык мэриясы, 2015-жылдын 23-ноябрга  чейинки мөөнөттө, үйлөргө көчөлөрдүн аттары жана үйлөрдүн катар номерлери жазылган табличкаларды даярдап, таксын.

3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.

5. Токтом ММКларга жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин,  мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары

А.Абдыкадыров