Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июлу № 7
Күн тартиби: «Турук» көмүр кенинен акча которуу үчүн счёт ачуу жөнүндө
Угулдуу: Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы Ж. Макеев билдируу жасады.
Быйылкы жылга «Кенч Строй» ЖЧКсынан келишимдин негизинде соц жардам катары нак акчалай түрүндө Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарына акча которгону турат. Ошол акчаны котортуп алуу үчүн биздин атайын счётубуз болушу керек. Ошондуктан урматуу коллегалар мурда ачылган счётунуздар бар болсо ошол счётко котортуп алсак кандай карайсыздар.
Айып уулу А: Менин өзүмдүн карт счётум бар, эгер ошол счётко которууга мүмкүнчүлүк болсо, сиздер макул болсоңуздар котортуп алсакпы деп ойлойм. Ш. Турумбеков: Сенин счётуң жеке менчик болгондуктан которууга болорун атайын адистерден сурап билишибиз керек.
Ж. Макеев: Мен келишим түзгөндөн кийин сураштырып билгем жеке счётко которууга болот экен. Бирок биз коомдук уюмдардан комиссия түзүшүбүз керек.
К. Исакбеков: Анда биз коомдук уюмдардан депутаттардан, комиссия түзүп акча
каражатын өз максатында туура пайдаланылып жатканын билип турушубуз керек.
Ж. Макеев: Урматтуу коллегалар Айып уулу Алтынбектен өз колунан кепилдик кат алып коёлу. Айып уулу Алтынбектин счётуна акчаны которто берели бул маселе боюнча добушка коём.
Баардыгы макул, каршы, калыс жок.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кенч Строй» ЖЧКсы которула турган акча Айып уулу Алтынбектин карт счётуна которулсун.
2. Коомдук уюмдардан жана депутаттардан комиссия түзүлсүн.
3. Которулган акча каражаты өз максатында пайдаланылып жумшалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Макеев |