Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-февралы № 20/2
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Баетов айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүү боюнча комиссиянын сунушуна ылайык төмөндөгү атуулдарга Баетов айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
Карасартов Сүйүндүк - Ак-Талаа райондук мамлекеттик статистика комитетинин
башчысы
Исаев Ажыбай - №15 ЖТИнин начальниги
Оторова Гүлжан - Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими
Үркүнбаева Сакен - Ак-Талаа райондук УМБнун кож вен кабинетинин эмчи айымы
2. “Ардактуу атуул” наамын алган атуулдарга төш белгисин жана күбөлүгүн салтанатту түрдө тапшыруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Т.Рысбаев |