Редакцияот 30.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 30-марты № 21/2

               Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдан ашык түшкөн акча каражатын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетине бекитүү  жөнүндө

Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2014-жылдан ашык түшкөн акча каражатын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетине бекитүү  жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXI-  сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2014-жылдан ашык түшкөн  514,7   миң сом акча каражатын аппараттын 2815 статьясына  - 140,0 миң сом,

                                                                            3111 статьясына – 50,0 миң сом

                                                                            3112 статьясына  - 158,9  миң сом

                                                                            2821 статьясына  - 165,8 миң сом   бекитилсин.

2. Атайын каражат бет эсебинде 2014-жылдан ашык түшкөн 85,3 миң сом акча каражаты:

- аппараттан 1,8 миң сом  калган калдык 22154900 статьясына;

- бала бакчадан 83,5 миң сом калган калдык  22181100 статьясын бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына  

жана өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Т.Рысбаев