Редакцияот 25.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 25-майы № 23/3

Баетов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Баетов айыл аймагынын мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Баетов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XXIII-сессиясы  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баетов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Ушул токтом  айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон  өткөрүлүп        aktala.kg - вебсайтына    жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рээстрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Турусбеков Талантбекке жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Рысбаев