Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 20-1
Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода- сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө
Курулуш,транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адиси Асанкул у. Рахаттын, туруктуу комиссияныны төрагасы И.Бейшеналиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курулуш,транспорт,өнөр жай, соода- сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адиси Асанкул у. Рахаттын, туруктуу комиссиянын төрагасы И.Бейшеналиевдин билдирүү маалыматтары эске алынсын.
2. Айыл ичиндеги мыйзамсыз курулган дүкөн,коюлган павильон, контейнерлерди аныкташ үчүн айыл өкмөт тарабынын комиссия түзүлсүн.
3. Мурда келишими бар, иштеп жаткан жеке ишкерлердин келишимдери бир жылдык мөөнөт менен узартылсын.
4. Дүкөн куруучу, павильон контейнерлер коюлуучу жерлерге жащы келишимдерди түзөөрдө ауциондун негизинде берилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын
Төрага | К. Айдыралиев |