Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № 21-7
А.Курманалиев атындагы балдар бакчасынын директору Т.Асаналиеванын кайрылуусу жөнүндө
А.Курманалиев атындагы балдар бакчасынын директору Т.Асаналиеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мерси Ко» уюмуна өздүк салым катары бөлүнгөн 69 (алтымыш тогуз мищ) сом акча каражаты аталган уюмга которулбастан Ат-Башы айылындагы А.Курманалиев атындагы балдар бакчасына (статья 2222) эмерек жасатып алууга мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга ылайык конкурс өткөрүү жолу менен алынсын.
2. Жогорудагы акча каражатын өз убагында камсыз кылуу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын.
3. Бөлүнгөн акча каражатты максаттуу пайдалануу А.Курманалиев атындагы балдар бакчасынын директору Т.Асаналиевага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровго тапшырылсын.
Төрага | К. Айдыралиев |