Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 22-1
Ат-Башы айылындагы №4005 Таш-Рабат» шайлоо участкасындагы шайлоо комиссиясынын курамын кайрадан түзүү үчүн талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
№4005 «Таш-Рабат» шайлоо участкасындагы шайлоо комиссиянын курамын кайрадан түзүү үчүн талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы № 4005 шайлоо участкасындагы шайлоо комиссиясынын төмөндөгү талапкерлер сунушталсын: Максүтова Жыргал
Келдикеева Рахат
Жунушова Гүлзат
Талипова Гүлжан
Дербишалиева Турганбүбү
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Ат-Башы райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Төраганын орун басары | К. Асанбаева |