Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 22-2
13-июль 2015-жылдагы «Ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоону өнүктүрүү» Департаментинин Нарын областы боюнча башкы адиси О.Түмөнбаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
13-июль 2015-жылдагы «Ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоону өнүктүрүү» Департаментинин Нарын областы боюнча башкы адиси О.Түмөнбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы аймактык ТС техсервис муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровго тапшырылсын.
Төраганын орун басары | К. Асанбаева |