Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 22-3
«Береке» базарын ирээтке келтирүү жөнүндө
«Береке» базарын ирээтке келтирүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын М.Өмүракунов көчөсү, А. Сулайманов көчөсүнүн кесилишинен баштап, М. Салымбеков көчөсүнүн кесилишине чейин, Салымбеков, Шамеев, Айылчиев көчөлөрү, Абыкеев көчөсүнүн кесилиштеринен баштап Чеч-Дөбө көчөсүнүн кесилиштерине чейин белгиленбеген жерлерде соода-сатык иштерин жүргүзүүгө тыйуу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Береке базарынын айланасындагы жана жогорудагы көрсөтүлгөн аймактарда жайгашкан жеке менчик имарат, турак жай ээлерине, кичи, чощ дүкөндөрдүн эшигинин алдында жөө адамдар өтүүчү тротуарларда соода иштерин жүргүзүүгө тыйуу салуу боюнча иштер жүргүзүлсүн.
3. Белгиленбеген жерлерде соода кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин 302, 303 статьялары менен жер жерлерде жана ММКга жарыялар берилип элди тааныштыруу, көрсөтүлгөн аймакты тескөөгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
4. Белгиленбеген жерлерде соода кылган жарандарга чара көрүлүп райондук сотко өткөрүлө тургандыгы эскертилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Төраганын орун басары | К. Асанбаева |