Редакцияот 16.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 16-январы № 1

Кең-Арал айылдык аймактык  Кеңешинин 38-чакырылышынын  отуруму

Кен-Арал айыл элинин 291 га жерине суу чыкпай дыйкандардын мээнети жанбай келет, ошол себептен элдин муктаждыгын эске алып Кең-Арал айылдык            аймактык Кеңешинин 38-чакырылышынын кезектеги отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Айыл элинин дыйкандарынын жерлерине убагында суу берилбей мол түшүм албай келгендиктен суунун тартыштыгы  белгиленсин,ошого байланыштуу тамчылатып суугаруу ыкмасы пайдалуу экенин эске алып, көмөктөшүү  жагы  айыл өкөмөтүнө милдеттендирилсин. 

  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары  Д.Алымкуловго милдеттендирилсин.

 

 

 Төрага

И. Изаканов