Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 15-1
Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Жаңы-Арык СПАсынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Жаңы-Арык СПАсынын айыл өкмөтүнүн суугарылуучу жерлерине суу жеткизүү боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү СПАсынын жетекчиси Топчубаев Искендердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Төлөйкөн айыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Жаңы-Арык СПАсынын аткарып жаткан иштери жалпысынан канаттандырарлык деп эсептелсин.
2. Төлөйкөн айыл аймагынын тургундарынын сууга болгон карыздарын тез арада, убагында жоюу, айыл башчылары менен биргеликте элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана ички чарба каналдарын тазалоо иштерин уюштуруу Жаңы-Арык СПАсына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, агрардык реформа, курулуш, турак-жай, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ажиматов |