Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 15-2
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагында дин иштерин, үрп адаттарды жана каада салттарды жөнгө салуу жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагында дин иштерин, үрп адаттарды жана каада салттарды жөнгө салуу максатында Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дин иштери боюнча айыл өкмөтүндө жана ар бир айылдарда коомдук комитеттин курамы бекитилсин, (тиркеме тиркелет) аталган комиссия 1 ай мөөнөттө иш-чара планы иштеп чыгышсын.
2. Маркумду узатуу иш-чарасында 3 күнгө чейин, (пайшамба, кыркына) бодо мал, жылкыны курмандык салууга тыюуу салынсын.
3. 2-пунктагы талапты бузгандар үчүн, жазана ар бир айылда өткөрүлгөн жыйындын негизинде белгиленсин.
4. Айылдарда маркумду узаатууда (себет, жыртыш, челпек, идиш таркатуу ж. б ) жоюу, айылдык имамга, айыл башчыга жана түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
5. Айылдарда жашы жетбеген жарандарга дин кызматкерлери тарабынан нике кыюууга тыюу салынат. (административдик чара колдонулат)
6. Бул токтомду аткаруу жагы дин иштери боюнча комитеттерине жана Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Мамасыдыковко жүктөлсүн.
Төрага | И. Ажиматов |